|
Mar 11
2010
|
Оорунсуз кайталоо.Сохранено Diyar_Arunov in Untagged |
Ат устундо ак сакалчан абышка. Ак калпак башында. Ээрдин кашында камчы. Тоо бетинде ичке, кууш, чыйыр жол устундо бара жатат торала ат. Ат устундо ак сакалчан абышка. Устундо чепкен, чыканагы жаамачы. Колунда тизгин, чыйратылган кара жиптен булгаарынын оордуна. Ат устундо ак сакалчан абышка деген суйлом оорунсуз кайталоо болуп калды. Адабиятта кечиримсиз каталардан болуп эсептелет. Бирок кыргызымдын саясатында оорунсуз кайталоо конумуш адат болуп бара жатат. Кайда бара жатат Кыргызстан, кыргыз элим? Тушунгон барбы? Алдыбыздагы 20 жылда мамлекетибиз кайсыл абалда болоорун жорумдап бере алчу атуул барбы аранарда?
Атуулдук арийет сезимдерин, оптимистик коз караштарыбызды четке коюп, азыркы чындык менен жорумдап, талдап айта турчу?
24 март 2005. 5 жыл отту андан бери. Эмне алмашты? Оорунсуз кайталоо...